Өзбекстандын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келди

Өзбекстандын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку даражалуу мейманды «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстан  менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча биргелешкен жыйынына катышат жана Кыргызстандын президенти менен жолугушат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>