Модель Бегимай Карыбекова Шайлообек Атазовго жооп кайтарды

Модель Бегимай Карыбекова Шайлообек Атазовго жооп кайтарды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун жаш кыздарды чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу боюнча сунушуна “Мисс Кыргызстан 2017” сынагынын жеңүүчүсү, эл аралык деңгээлде Кыргызстандын атын чыгарып жүргөн модел Бегимай Карыбекова өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларына депутаттын сунушуна жооп жазды. Reporter.kg анын билдирүүсүн эч өзгөртүүсүз толугу менен берет.

Чет өлкөгө чыккың келбесе, анда барбаңыз, жеке балдарыңызга жол бербеңиз!
Таалим — тарбия, адеп ар бир үй-бүлөдө жеке өзүңдүн закону болуш керек.
Биз, ар бир адам эркин тандоого ээ болгон цивилизациялык дүйнөдө жашап жатабыз! Ар бир эркек, ар бир аял кайда саякаттаарын, кантип көңүл ачууну, кайда иштөөнү өзү чечсин! Ар бир адамдын өздүк планы, максаттары, тилеги бар! Элдин кыялын тартып алганга акыңыз жок.
Ар бир инсан, өз жашооңузга кам көрүп, башка адамдардын жашоосуна кийлигишкенди токтоткула!

Эми чет жакка чыкпай эле канчалаган эже-апаларыбыз жылдар бою үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болуп жатышпайбы?!
Ал тургай бешиктен бели чыга элек ымыркай кыздар өзүнүн эле туугандарынын тарабынан зордук-зомбулук көрүп жатпайбы?
Канчалаган секелек кыздарды бузуп таштап кетип жатасыздар, урматтуу биздин жигиттер?
Канчалаган эркектер ажырашкандан кийин алимент төлөбөй жатасыңар?!
Керек болсо, катуураак айтыш керек, көбүнчө үй-бүлөлөрдө аялдар көбүрөөк иштешет, өлкөнүн экономикасын аялдар көтөрүп жатышат!!! Балдарды көбүнчө жалгыз эле чоңойтуп жатышат!!!! Эмне жалганбы? Бир аялын бага албай, Орусияга качып барып кыздарды төрөтүп, экинчи, үчүнчү аял алып, изин жашырып жүрүшөт го?! Аялы бар болуп туруп, жаш кыздарды алдап кат жазып, көз кыскан силерсиңер!!!!
Күнөөнүн баарын кыздарга, чет элдиктерге койбой, өз башыңдагы кылык жорук, кылмыштарын карагыла!

Урматтуу эл өкүлдөрү, эгерде сиз азыр адамдар сизди колдоошун кааласаңыз, кыйратам десеңиз!!! Педофилдерге карата өлүм жазасы киргизилсин, зордук зомбулукка карата мыйзамды, теманы алып чыгыңыз!
КЫРГЫЗСТАНДА шарт түзүп, билим деңгээлин жогорулатып, жаны завод, иш орундарын ачып, жакшы иштегиле, мигранттар кетпеш үчүн!

Мен сойкулукту колдобойм! Бирок, жашоосунда адашып кеткен байкуш аялдарды, эркектерди айыптаганды токтоткула, шылдыңдап, акылдуу болуунун кажети жок!
Алардын да бактылуу болууга акысы бар!
Сен бул адамдарга айыптоо жана тыйуу менен жардам бербейсиң…
Билим, сүйүү жана камкордук гана адамдардын жүрөгү, туруму өзгөртөт!!!
Дагы бир нерсени айткым келет, сойкулуктун жынысы жок! Эми кээ бир эркектер меркантильность, сойкулук боюнча кыздардан кем калышпайт!!!”-деп жазды Карыбекова.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун 18- 20 жаштагы  кыздарды четке чыгууга тыюу салуу боюнча сунушу коомчулукта талкуу жараткан эле. Ага бир катар айымдар каршы чыгып, Акүйдүн алдында митинг кылып жатышты.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>