Кыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдүБишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалдыБишкектин бир бөлүгүндө 23-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулатБишкекте бокс кечеси өтөт: турнирдин башкы беттештери белгилүү болду
Молдакун Абдылдаевдин аялынын сөөгү табылды
10.07.2019 | 20:21
Көкөмерен суусуна үй-бүлөсү менен түшүп кеткен өкмөттүн Чүйдөгү өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин аялынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маркумдун сөөгү 10-июлда болжол менен саат 17:20да Арал айылына 2 чакырым жакын жердеги Көкөмерен дарыясынан табылган. Ал эми 26 жаштагы уулунун сөөгү табыла элек.
Айта кетсек Молдакун Абдылдаев 30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга бараткан жолдо жол кырсыгына кабылып, “Ниссан Террано” унаасы менен сууга кирип кеткен. Көкөмерен суусуна кулаган унаада жалпы 5 адам болгон. Унаа менен кошо сууга аккан үч адамдын, Молдакун Абдылдаев, айдоочу жана 8 жашар кызынын сөөгү табылып жерге берилген.
Рубрики: Жаңылыктар