Бишкекте электробусту токтотууга аракет кылып жатып, айдоочу каза болдуКыргызстандын банктары тогуз айда 470 миллиард сомдук насыя берди«Студенттерди кармап калбай, тартуу керек»: «СКОЛКОВОдогу» борбордун башчысы ЖОЖдор тууралуу Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалдыЧүйдө эки жаран ишкерлерден 100 миң доллар опузалоого шектелип кармалыштыМСК төрагасы Шыкмаматов Казакстандын элчиси Скаков менен жолукту
Молдовановкадагы абакта отурган соттолуучу текшерүү учурунда каршылык көрсөттү
10.04.2025 | 10:24
Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү колониясында 42 жаштагы соттолуучу 7-апрелде камераларды тинтүү маалында каршылык көрсөткөнү үчүн жаза изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу мекеменин администрациясы билдирди.
Маалым болгондой, соттолгондорго убактылуу сырттан келген адамдар менен жолугууга, тамак-аш жана кийим-кече алууга тыюу салынган. Мындан улам Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү абакты барып көрүшкөн.
Борбор соттолгондордон расмий арыз түшпөгөнүн белгиледи. Бирок алар түзөтүү жайларында массалык жазалоо фактылары көбөйүп жатканынан тынчсызданууда.
Рубрики: Жаңылыктар