КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Балдар онкологиясы боюнча адистешкен дарыгерлер аймактарга чыгып, текшерүүлөрдү өткөрүшөт
10.04.2025 | 10:22
Май айынан тарта онколог-дарыгерлер өлкөнүн бардык региондоруна барып, балдар үчүн акысыз медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүшөт. Бул тууралуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков билдирди.
Мындан тышкары онкологдор жергиликтүү педиатрлар жана дарыгерлер арасында онкологиялык ооруларга болгон сактыктын деңгээлин көтөрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүшөт.
Султан Стамбеков бул демилге балдардагы онкологиялык оорулардын эрте аныкталышын жакшыртууга жана бул жааттагы маалымдуулукту жогорулатууга багытталганын билдирди.
“Бул Кыргызстандагы ар бир бала өз убагында жардам алып, айыгууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн маанилүү кадам”,- деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом