Монголияда издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды

Монголияда издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды

Монголияда издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Монголиянын 41 жаштагы Г.У. аттуу жараны 2022-жылдан бери Интерпол аркылуу баңги жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу, даярдоо үчүн издөөдө жүргөн. Ал үй-бүлө мүчөлөрү менен Түркиядан Улан-Баторго «кристалл метамфетамин» синтетикалык маңзатын ташуу боюнча канал уюштурган деп шектелүүдө. Монголияда анын баңгизат таратуу боюнча 100дөн ашык фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.

ИИМдин маалыматы боюнча, аталган жаран Кыргызстанга келип, баңгизат сатуу каналын уюштурууну көздөгөн. Шектүү Ички иштер министрлигинин Интерпол бюросу жана Монголиянын интерполу тарабынан Бишкектен кармалган.

Кармалган шектүү Бишкектин Биринчи май райондук милициясына өткөрүлүп берилген. Учурда аны мекенине экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>