Мүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырды
Тажикстанда ЖККУнун атайын бөлүктөрүнүн «Кобальт-2026» машыгуусу өтөт
05.10.2026 | 16:54

18-октябрдан 23-октябрга чейин Тажикстанда ЖККУнун Ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы түзүмдөрүнүн катышуусунда «Кобальт-2026» атайын машыгуусу өтөт.
Машыгуу ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын 2026-жылга биргелешип даярдоо планына ылайык өткөрүлөт.
Маневрлерге ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын, ички аскерлердин (улуттук гвардиянын), атайын жана баңгизатка каршы кызматтардын атайын бөлүктөрү катышат.
Машыгууга ошондой эле ЖККУнун Ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күч түзүмдөрүнүн курамына кирген авариялык-куткаруу жана өрт өчүрүү бөлүктөрү да тартылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом