Чума: Саламаттык сактоо министрлиги оорунун белгилери жана алдын алуу чаралары тууралуу айтып берди

05.10.2026 | 16:46
Чума: Саламаттык сактоо министрлиги оорунун белгилери жана алдын алуу чаралары тууралуу айтып берди — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация боюнча республикалык борбору чуманын жугуу жолдору, негизги белгилери жана оорунун алдын алуу чаралары тууралуу маалымдады.

Чума — сейрек кездешүүчү, бирок өтө коркунучтуу жугуштуу оору. Аны кемирүүчүлөр — суурлар, сары чычкандар, талаа чычкандары жана келемиштер, ошондой эле түлкү, күсөн, арыс жана коён сыяктуу жапайы жаныбарлар алып жүрүшү мүмкүн. Айрым учурларда төөнүн да ооруну алып жүрүүчү болушу ыктымал.

Оорулуу жаныбарлардын каны менен азыктанган жана оору козгогучту адамга жугуза турган бүргөлөр да чоң коркунуч туудурат.

Чума кантип жугат?

Борбордун маалыматы боюнча, оору жуккан бүргө чакканда, жапайы жаныбарлардын (өзгөчө суурдун) терисин сыйрууда же этин союп-жиликтөөдө, ошондой эле жапайы жаныбарлардын жакшы бышырылбаган этин жегенде жугушу мүмкүн.

Чуманын өпкө формасы оорулуу адамдан жөтөлгөндө же чүчкүргөндө аба аркылуу жугат.

Кандай белгилери пайда болот?

Оору, адатта, капысынан курч башталат. Дене табы 40 градуска чейин көтөрүлүп, адам калтырап-титирип, ысытма чыгат, бети кызарып, шишип кетиши мүмкүн.

Бубон формасында лимфа бездери чоңоюп, катуу оорутат. Ал эми өпкө формасында жөтөл пайда болуп, көкүрөк ооруп, дем алуу кыйындайт.

Саламаттык сактоо министрлиги мындай белгилер байкалганда өз алдынча дарыланууга болбой тургандыгын эскертет. Так диагноз коюп, керектүү дарылоону дарыгер гана дайындай алат.

Инфекция лимфа системасын, ал эми өпкө формасында өпкөнү жабыркатат. Оорулуунун абалы өтө тез начарлап кетиши ыктымал жана өз убагында жардам көрсөтүлбөсө, өмүргө түздөн-түз коркунуч жаратат. Медициналык жардамга өз убагында кайрылган учурда оору айыгат.

Чумага шектенүү жаралса эмне кылуу керек?

Оору жуктурган деп шектелген адамды башкалар менен байланыштырбай, өзүнчө бөлмөгө обочолонтуу зарыл. Бөлмөнүн терезелерин жана эшиктерин жабуу керек. Ал жерден жеке буюмдарды жана тамак-ашты сыртка алып чыгууга тыюу салынат.

Ооруп калган адам жөнүндө тезинен жакынкы медициналык мекемеге телефон аркылуу же башка адамдар аркылуу кабарлап, адистер келгенче күтүп, алардын сунуштарын так аткаруу кажет.

Оорудан кантип сактануу керек?

Адистер өлгөн жапайы жаныбарларга жакындабоону жана аларды кармабоону сунушташат. Мындай жаныбарларды көргөн кезде тиешелүү кызматтарга кабарлоо зарыл.

Ошондой эле суурларга аңчылык кылбоо, алардын терисин сыйрып, этин жиликтебөө жана жапайы жаныбарлардын этин жебөө эскертилет. Эт менен иштегенден кийин жана жаратылышта жүрүп келген соң колду самындап таза жууш керек.

Турак жайларда кемирүүчүлөргө жана курт-кумурскаларга каршы күрөшүү иш-чараларын үзгүлтүксүз жүргүзүү сунушталат. Тобокелдик аймактарында жүргөн адамдар чумага каршы эмдөөдөн өтүү зарылдыгы боюнча медициналык адистер менен кеңешиши керек.

Эгерде калктуу конушта оору катталса, дарыгерлер менен санитардык кызматтардын сунуштарын сактоо, медициналык кароодон өтүү жана эгер дайындалса, алдын алуучу дарылануудан өтүү зарыл.

Мындан тышкары, оорулуулар менен байланышуудан оолак болуу, аралыкты сактоо жана зарыл болсо беткап (маска) тагынуу керек.

Саламаттык сактоо министрлиги оорунун алгачкы белгилери байкалары менен кечиктирбестен жакынкы медициналык мекемеге кайрылуу зарылдыгын баса белгилейт.

Scroll to Top