Министр: Моргенштерндин концертин токтотууга аракет кылып жатабыз

Министр: Моргенштерндин концертин токтотууга аракет кылып жатабыз

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги орусиялык аткаруучу Моргенштерндин Бишкектеги концертин токтотуунун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу министр Алтынбек Максүтов 16-июнда «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди.

Депутат Алишер Козуев “чет элдик аткаруучулар Кыргызстанга келгенде алардын концерттерин департамент координациялайбы?” деп сурады.

“Биз өкмөттүк иш-чараларды координациялайбыз. Эгерде жеке иш-чара болсо, биз кийлигише албайбыз”, — деп жооп берди Максүтов.

Эл өкүлү орусиялык аткаруучу Моргенштерндин Бишкекте концерт коюшуна каршы экенин билдирип, аны токтотуу керектигин айтты.

“Социалдык тармактарда азыр Моргенштерн деген адам жакында Кыргызстанга келип, жаштарга концерт берери боюнча айтылып жатат. Буга чара көрүшүнөр керек», — деди Козуев.

«Биз Моргенштерндин үстүндө иштеп жатабыз. Уюштуруучулар менен сүйлөштүк. Орусияда ага кылмыш иши козголгон», — деди министр.

Депутаттын “концертти токтото аласызбы?” деген суроосуна Максүтов: «аракет кылып жатабыз”, — деп жооп берди.

Моргенштерн — орусиялык рэп жана поп сүрөтчүсү, музыкант, шоумен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>