Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган факт боюнча иш козголду

Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган факт боюнча иш козголду

Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган деп шектелген “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын эки өкүлү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен шаарынын жашоочулары облустук милицияга арыз менен кайрылышып, анда 2022-жылдын сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүү үчүн тартылган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы жалпы болуп 5 347 330 сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын алдап бербей койгондугу тууралуу билдиришип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан.

Аталган факты боюнча 2023-жылдын май айында Баткен ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексиинин 209-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда, “Келечек ЛТД” жооптуу өкүлү Ш.Н  шектүү катары суракка алынып,  камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү  “Келечек ЛТД”  курулуш компаниясынын өкүлү М.А. боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Учурда кылмыш иштин алкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүү жана мыйзам чегинде тергөө боюнча тиешелүү иш-чаралар  жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>