Москва: Массалык мушташтан соң эки кыргызстандык жоопко тартылды

Москва: Массалык мушташтан соң эки кыргызстандык жоопко тартылды

Орусиянын борбор калаасы Москвадагы массалык мушташтан эки кыргыз жараны жоопко тартылды. Бул туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 19-февралынан 20-февралына караган түнү Москва шаарындагы Люблинская көчөсүнүн №147-үйүндө жайгашкан “Чудная долина” аттуу тойкананын алдында 15 адам катышкан мушташуу катталган.

Күбөлөрдүн айтуусу боюнча бул жарандар чогуу олтурушуп, чатакташып кетишкен, жыйынтыгында коомдук тартипти бузгандыктары далилденген.

Аймактык тартип сакчылары тарабынан коомдук тартипти бузгандыгы үчүн тажик, өзбек жана кыргыз улутундагы жарандар кармалып, аларга карата административдик чаралар көрүлгөн.

Бул мыйзам бузуу фактысы менен Кыргызстандын эки жараны административдик жазага тартылышкандыгын аймактык полиция бөлүмүнөн билдиришкен.

Буга чейин Москва шаарында Орто Азия өлкөлөрүнүн жарандары ортосунда массалык мушташ чыкканы ЖМКга маалымат тараган болчу.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Москвада массалык мушташ болуп, кыргызстандыктар кармалды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>