Москвада кыргыз мигранттары үчүн өкүлчүлүк ачылды

Москвада кыргыз мигранттары үчүн өкүлчүлүк ачылды

Москвада кыргыз жарандарына жумушка орношууга жардам берүү үчүн Кыргызстандын Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтына жарыяланды.

Өкүлчүлүктө кыргызстандыктар жумуш издөөдө колдоо, жумуш табуу, орусиялык иш берүүчүлөрдү тандоо жана алар менен байланыш түзүү, жарандарды ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүүдө жардам ала алышат. Ошондой эле, эмгек миграциясы маселелери, Орусиянын миграция жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңештерди алууга болот”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган өкүлчүлүк каза болгон кыргыз жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүүдө бир жолку төлөмдөрдү алуу боюнча жарандардын арыздарын кабыл алат. Мындан сырткары, иш берүүчү менен эмгек мигрантынын ортосунда эмгек акыга байланыштуу талаш-тартыштуу маселелер боюнча жарандардын арыздарын карайт.

Кошумчалай кетсек, өкүлчүлүк Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жанында Малая Полянка көчөсү, 7-имарат, 5 дарегинде жайгашкан.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
 
Тэги: миграция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>