Мигранттардын кезектеги мушташы Москванын жанындагы Одинцоводо болду. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарап жатат.
«РИА Новости» укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен кабарлагандай, 4-сентябрда милицияга Рублевкадагы үйдүн жанындагы Усово-Тупик айылында көп адамдар чогулгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
«Окуя болгон жерге дароо милиция кызматкерлери барышты. Барвихинский базалык станциясынын нөөмөт бекетине окуяга катыштыгы бар 15 адам алып келинди», — бул тууралуу Москванын Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгы кабарлады.
Кармалгандардын айрымдары чет өлкөлүк жарандар болуп чыкты, экөөнө карата кирүү эрежелер режимин бузуу боюнча протокол түзүлгөн.