Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Москвада мигранттар мушташты – видео
07.09.2021 | 10:05
Мигранттардын кезектеги мушташы Москванын жанындагы Одинцоводо болду. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарап жатат.
“РИА Новости” укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен кабарлагандай, 4-сентябрда милицияга Рублевкадагы үйдүн жанындагы Усово-Тупик айылында көп адамдар чогулгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
«Окуя болгон жерге дароо милиция кызматкерлери барышты. Барвихинский базалык станциясынын нөөмөт бекетине окуяга катыштыгы бар 15 адам алып келинди”, – бул тууралуу Москванын Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгы кабарлады.
Кармалгандардын айрымдары чет өлкөлүк жарандар болуп чыкты, экөөнө карата кирүү эрежелер режимин бузуу боюнча протокол түзүлгөн.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар