Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдө
20.08.2026 | 18:05

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдө. Иштердин жүрүшү менен президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев таанышты.
Министрлер кабинетинин маалыматында, бул иштер президенттин суу ресурстарын пайдалануу жана айыл чарбасын суу менен камсыздоо боюнча тапшырмасынын негизинде аткарылууда. Долбоордун алкагында суу сактагычтын сыйымдуулугу 2 млн куб метрден 8,14 млн куб метрге чейин жеткирилет. Бул сугат жерлердин аянтын 3 миң гектардан 5 миң гектарга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле учурда республика боюнча 12 жаңы суу сактагычтын курулушу жүрүп жатканы, 29 долбоор даярдалып жатканы айтылды. 2030-жылга чейин жалпысынан 106 суу сактагыч куруу пландалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Жалал-Абад, суу сактагыч