Москвадагы каза болгон кыргызстандык жеткинчек кыздардын өлүмүнө байланыштуу иш козголду

Москвадагы каза болгон кыргызстандык жеткинчек кыздардын өлүмүнө байланыштуу иш козголду

Москва шаарында өрттөн каза болгон 4 жана 5 жаштагы кыргызстандык кыздардын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиядагы элчиликтен билдиришти.

Бул ишти Москва облустук прокуратурасы көзөмөлүнө алып, облустун Тергөө комитети тарабынан “Этиятсыздыктан улам эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда кыздардын сөөгүн мекенине алып кетүү уюштурулуп жатканы, алардын ата-энесине каза болгондорду Кыргызстандын аймагына алып кетүүгө байланыштуу чыгымдарды жабуу боюнча кенемте алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тиешелүү сунуштамалар берилгени айтылат.

Белгилей кетсек, 22-майда Москва облусунун Мытищи шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен кыргызстандык 4 жана 5 жаштагы кыздар каза болгон.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>