Тажиктердин өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргызстандык Мажитовдун эртең соту болот

Тажиктердин өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргызстандык Мажитовдун эртең соту болот

Орусиянын Нижный Новгород шарынын аба майданында Тажикстандын өтүнүчү менен кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитовдун эртең, 25-майда соту болот. Бул тууралуу анын жубайы “Репортёрго” билдирди.

Буга чейин Мажитовдун жубайы убактылуу кармоочу жайда чогу жаткандар кыйноого алганын айтып чыккан. Анда жолдошу менен бирге камакта олтургандар Эсенбай Мажитовго кысым көргөзүп, кыйноого алуу менен өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып чыккан.

Ошондой эле ал жолдошу башка орунга котортууну суранганын билдирген.

Белгилей кетсек, кыргыз жаранын 18-апрелде жалган-жалаа жабылып Нижный Новгород шаарындагы аэропорттон кармалган.

Мажитов эл аралык издөөгө алынганын Орусияга барганда билген. Аны Тажикстанга экстрадиция кылбай Кыргызстанга кайтаруу үчүн Тышкы иштер министрлиги жана Башкы прокуратура сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланган.

Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлигинин алдында Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргыз жараны Эсен Мажитовду бошотуу талабы менен митинг өткөн.

Ал эми Мажитовдун баласы Адил президент Садыр Жапаровго жолукканда атасынын маселеси жакын арада Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип чыккандыгын, жакынкы аралыкта түп-тамырынан бери чечип берүүнү убада кылганы  айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>