Москвадагы мекендештердин көбүнөн венерологиялык оорулар чыгып жатыптыр, — депутат

Москвадагы мекендештердин көбүнөн венерологиялык оорулар чыгып жатыптыр, — депутат

Жогорку Кеңештин 7-декабрындагы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков (“Ыйман-Нуру”) Россиянын Москва шаарындагы кыргызстандык мигранттардын маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, “Сахарово” көп функционалдуу миграциялык борборунда мекендештер кезекке туруп, медициналык кароодон өтүшүүдө.

 “Медициналык кароонун жыйынтыгында көпчүлүгүнөн венерологиялык оорулар чыгып жатыптыр. Жакшынакай үй-бүлөсү барлардын үй-бүлөлөрү бузулуп жатыптыр. 60 жаштагы ападан дагы мындай оору чыгыптыр. Медициналык кароодон 5700 рубль төлөп өтүшөт экен. Венерологиялык ооруларыңар бар деп аларды Ленин проспектисиндеги бир эле клиникага жөнөтүшөт экен. Клиникадан 18 миң рубль төлөп, дарыланышат экен. Бул жерде биздин жарандардын эсебинен коррупция же өздөрүнүн “бизнесин” жүргүзүп жатышкандай туюлуда”, — деди ал.

Эл өкүлү бул маселени тезирээк чечип берүүнү өтундү.

“Бул боюнча Тышкы иштер министрлигине, ошондой эле элчиликке тапшырма бергиле, карап текшеришсин. Эмне үчүн биздин жарандарга мындай мамиле болуп жатат? Тез арада мекендештерибиздин маселесин чечип беришсин”, — деп Кадырбеков президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>