Муфтият фитир-садаканын өлчөмүн бекитти

Муфтият фитир-садаканын өлчөмүн бекитти

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2022-жылга карата фитир-садакалардын өлчөмүн аныктады. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фитир-садака бир кишиге 1,6 килограмм буудай (56 сом), мейиз (717 сом), ун (80 сом) же 3,2 килограмм арпа (103 сом), курма (596 сом) туура келет.

Муфтият фитир-садака бул азыктардын биринин наркына барабар экенин эскертет. «Азык-түлүк бааларынын туруксуздугуна байланыштуу алардын салмагына көңүл бурууну суранабыз. Фитр-садака ар бир адам тарабынан берилиши керек», — дешет муфтияттан.

Мындан тышкары,  зекеттин өлчөмүн – муктаждардын пайдасына жылдык салыкты аныктаган. Бул тартуу мүлктүн наркынын 2,5 пайызынан кем эмес болушу керек.

Белгилүү болгондой, зекет алтындын (85 грамм алтын) жана күмүштүн (612,36 грамм) баасы менен аныкталат.

Муфтияттан билдиришкендей, акчалай эсептегенде 85 грамм алтындын кыркынчы бөлүгү 7 миң 13 сом болсо, 612,36 грамм күмүш 1 миң 41 сомду түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>