Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Чүй: Жол кырсыктан 11 киши жараат алып, 1 киши каза тапты
28.03.2022 | 17:16
Бүгүн, 28-мартта таң эрте Москва районунун Ак-Торпок айылында өлүм менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен 11 адам жабыркап, 1 эркек адам жеринен каза тапкан. Кырсык катталган жерге 5 куткаруучу тартылды. Алар саат 08:40та жараксыз абалдагы унаага кыпчылып калган Э. Ж. аттуу жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган адамдар аймактык ооруканага жеткизилген.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар