Жалал-Абад облустук филармониясында коррупция фактысы аныкталып, үч адам кармалды

18.06.2026 | 11:06
Жалал-Абад облустук филармониясында коррупция фактысы аныкталып, үч адам кармалды — Новости Кыргызстана

Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясында мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 2 млн 795 миң 400 сом зыян келтирилгени белгилүү болгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренечи менен кылмыш иши козголгон.

Иштин алкагында филармониянын мурдагы директорунун милдетин аткаруучу Ж.Д.С., мурдагы башкы эсепчиси М.Д.М. жана товар жеткирүүчү Н.К.А. кармалды. Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатканы айтылды.

Scroll to Top