Мүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырды
Мунай сактоочу жайдан чыккан өрт өчтү
20.06.2023 | 21:25
Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы темир жол бекетинин аймагындагы мунай сакталуучу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдүү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жалынды өчүрүүгө жалпы 8 ыкчам эсеп тартылган. Ошондой эле жеринде Чүй облусунун башчысы жетектеген ыкчам топ жана ККББдан ыкчам топ, “Кыргыз темир жол” ишканасынан бир өрт өчүрүүчү поезд, үч тез жардам унаасы иштеди.
Өрттүн кесепетинен төрт адам жабыркап, Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом