Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын элчиси менен жолугушту

Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын элчиси менен жолугушту

Жаңы дайындалган Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нуры Голлиев тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу туруалуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Кулубаев Нуры Голлиевди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкө ортосундагы алакасын өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалаган.

«Жолугушуунун жүрүшүндө Кулубаев түркмөн дипломаты менен эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, саясий диалогду чыңдоонун жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча мындан ары биргеликте иш жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ТИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>