ЖККУ мыйзамсыз миграцияга каршы «Нелегал-2026» операциясынын планын бекиттиСадыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташтык маселелерин талкуулаштыЫсык-Көлдөн 6 миң метрден ашуун синтетикалык тор чыгарылдыОрусиянын элчиси Сергей Вакунов: «Этникалык негиздеги жаңжалдар — бул иш жүзүндө мамлекеттин өлүмү»Адылбек Касымалиев ЕАЭБ жыйынында миграция жана логистика маселелерин көтөрдү«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы унаа жол курулат
Мыйзамсыз күйүүчү май ташыгандар кармалды
28.06.2019 | 15:45
Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекетинен 1 тоннага жакын күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткан 27 жана 57 жаштагы Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, Казакстандан келе жаткан “Мерседес” жана “MAN” үлгүсүндөгү оор жу ташуучу унаалар чек арачылар тарабынан токтотулган. Унааларды текшерүүгө алганда, тийиштүү эч кандай документтери жана акциздик маркасы жок 800 литрден ашык күйүүчү май табылган.
Топтолгон материалдар мыйзамга ылайык каттоого алынып, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар