Ысык-Көлдө ШКУга мүчө-мамлекеттердин медиафоруму башталды

Бүгүн, 2026-жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат.
Министрликтин маалыматына ылайык, медиафорум ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын, алдыңкы ЖМКларынын, маалымат агенттиктеринин, санарип платформаларынын жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрүнүн башын бириктирүүдө.
Форумга ШКУга мүчө-мамлекеттердин делегацияларынын өкүлдөрү — алты өлкөдөн 100гө жакын катышуучу, анын ичинде КР ЖМК өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын негизги максаты — ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы медиакызматташтыкты бекемдөө, маалымат жана коммуникация тармагындагы өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле медиачөйрөнүн санариптик трансформациясы шартында бирдиктүү кесиптик диалогду калыптандыруу болуп саналат.
ШКУга мүчө-мамлекеттердин делегация башчылары маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, медиамейкиндикте ишенимди бекемдөөнүн жана өлкөлөр ортосундагы кесиптик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Куттуктоо сөзү менен КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, КР Маданият министри Мирбек Мамбеталиев, ошондой эле ШКУнун башкы катчысынын орун басары Олег Копылов чыгып сүйлөйт.