Мыйзамсыз жер берүү иши боюнча бир нече адам кармалды

Мыйзамсыз жер берүү иши боюнча бир нече адам кармалды

Айыл чарба багытындагы жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз берүүгө шектелип бир нече адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция Чүйдүн Новопокровка айылында айыл багытындагы 20 гектар жер (323, 293-контурдагы) мыйзамсыз жол менен жеке менчикке берилип кеткенин аныктаган. Ага байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча шектүү катары Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б., анын орун басары М.Н., «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынын мурдагы директору Ш.М., аталган филиалдын кызматкери А.Н. жана жер сатуу менен алектенген А.А. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен алар камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>