Ошто 3 күндүк «Селсаяк» иш чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Анда кароосуз калган балдар аныкталып, тилемчиликке каршы чаралар көрүлүүдө. Мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер өлкөдөн чыгарылат.
Милиция кызматкерлери тарабынан соода түйүндөрү, жер төлөлөр, жер астындагы өтмөктөр, интернет жана түнку клубдар текшерилип жатат.
Андан сырткары, мечиттердин алдында кайыр сурап олтургандардын жашоо шарты текшерилет.