КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
20-июль: +43°C чейин ысык, айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт
20.07.2026 | 08:47

Бүгүн, 20-июлда, түнкүсүн өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош облусунун өрөөндүү аймактарында, ошондой эле Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» билдирди.
- Чүй облусу: түнкүсүн +22…+27°C, күндүз +37…+42°C.
- Талас облусу: түнкүсүн +18…+23°C, күндүз +35…+40°C.
- Баткен облусу: түнкүсүн +22…+27°C, күндүз +37…+42°C.
- Ош облусу: түнкүсүн +23…+28°C, күндүз +38…+43°C. Тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, өрөөндүү аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
- Жалал-Абад облусу: түнкүсүн +23…+28°C, күндүз +38…+43°C, жаан-чачын күтүлбөйт.
- Ысык-Көл облусу: түнкүсүн +15…+20°C, күндүз +29…+34°C. Айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
- Нарын облусу: түнкүсүн +11…+16°C, күндүз +30…+35°C. Айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн +25…+27°C, күндүз +39…+41°C.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20°C, күндүз +29…+31°C.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом