ДСУ: Акыл-эс кемтигинин 45%га чейинки учурларын алдын алууга же кечеңдетүүгө болот

Өмүр бою өзгөртүлө турган тобокелдик факторлорунун таасирин азайтуу менен акыл-эс кемтигинин (деменциянын) 45%га чейинки учурларын алдын алууга же кечеңдетүүгө болот. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) жаңыланган сунуштарында айтылат.
Уюмдун маалыматына ылайык, учурда дүйнөдө 57 миллиондон ашуун адам деменция менен жашайт. Жыл сайын бул диагноз дээрлик 10 миллион адамга коюлат. Ал эми бардык учурлардын 60–70%ын Альцгеймер оорусу түзөт.
ДСУ деменцияны толук айыктыруучу натыйжалуу дарылоо азырынча жок экенин белгилейт. Бирок сергек жашоо образын кармануу, өнөкөт ооруларды көзөмөлдөө жана айлана-чөйрөнүн зыяндуу факторлорунун таасирин азайтуу аркылуу оорунун өнүгүү коркунучун төмөндөтүүгө болот.
Уюм үзгүлтүксүз дене тарбия менен машыгууну, туура тамактанууну, тамекиден баш тартууну, алкоголдук ичимдиктерди чектөөнү, коомдук активдүүлүктү сактоону жана акыл-эс жөндөмдөрүн машыктырууну сунуштайт. Ошондой эле кан басымдын жогору болушун, кант диабетин жана холестериндин жогорку деңгээлин өз убагында дарылоо маанилүү экени белгиленет.
ДСУ биринчи жолу деменциянын алдын алуу чараларынын катарына абанын булганышынын таасирин азайтууну киргизди. Мындан тышкары, айрым адамдар үчүн угуу аппараттарын колдонуу оорунун өнүгүү коркунучун азайтууга жардам бериши мүмкүн.
Ошол эле учурда уюм В тобундагы витаминдерди, Е витаминин, омега-3 май кислоталарын же мультивитаминдерди организмде алардын жетишсиздиги жок болсо, деменциянын алдын алуу максатында кабыл алууну сунуштабайт. Анткени алардын натыйжалуулугу боюнча жетиштүү далилдер жок.
ДСУнун баалоосуна ылайык, деменцияга байланыштуу дүйнөлүк жылдык чыгымдар болжол менен 1,3 триллион АКШ долларын түзөт. Бул сумманын дээрлик жарымы бейтаптарды акысыз караган алардын жакындары менен туугандарынын эмгегине туура келет.