Бишкекте «Орто-Алыш» суу алгычынын кубаттуулугу кеңейтилүүдө

Борбор калааны суу менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында «Орто-Алыш» суу алгычынын инфраструктурасын өнүктүрүү иштери уланууда. Объектте он экинчи толуктоочу көлдүн курулушу аяктады — бул суу алгычтын аймагындагы эң ири көл болуп саналат. Аны бир айдын ичинде пайдаланууну берүү пландалууда.
Жаңы толуктоочу көл жер астындагы суу запастарын жасалма жол менен толуктоонун көлөмүн көбөйтүүгө жана суу алгычтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
«Орто-Алыш» Бишкек шаарынын тургундарынын 40%дан ашыгын ичүүчү суу менен камсыздайт. «Бишкексууканал» МИнин маалыматы боюнча, учурда бардык толуктоочу көлдөр сууга толуп турат, суу ресурстарынын таңсыктыгы байкалган жок.
Объекттеги иштин жүрүшүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев текшерди. Ал күн ысыган мезгилде борбор калааны үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо маанилүү экенин, анткени шаардын сууга болгон муктаждыгы жыл сайын өсүп жатканын белгиледи.