Согуштун ардагери Асек Урмамбетов 100 жашка толду — сүрөт

Согуштун ардагери Асек Урмамбетов 100 жашка толду — сүрөт

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урмамбетов 100 жашка толду.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев Жеңиш майрамын утурлай, ардагер  Асек Урмамбетовдон кабар алды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин жана жалпы депутаттардын атынан ардагерди майрамы менен куттуктап, согуш учурунда көрсөткөн каармандыгы үчүн ага ыраазычылык билдирди.

“Кан күйгөн согушка аттанып, көп улуттуу Совет элин душмандардан коргогон аталарыбыздын эрдигин эч качан унутпайбыз. Ата мекен алдындагы милдеттерин чоң жоопкерчилик менен аткарган Сиздей баатырларыбыз менен ар дайым сыймыктанабыз. Андыктан ардактуу аксакалыбыз катары эл арасында аман жүрүңүз. Сиздин баскан жолуңуз азыркы муунга эле эмес, келечектеги урпактарыбызга да үлгү”, – деди Шабданбек Алишев.

Өз кезегинде ардагер  куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, кеп-кеңешин айтуу менен жалпы элге ынтымак, биримдик тиледи.

Жолугушуу алкагында Жогорку Кеңештин атынан  ардагерге атайын белектер тапшырылды.

Асек Урманбетов быйыл 100 жашка толду. Дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүп жаткан ардагер өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө баам салып, согуш жана андагы замандаштарынын эрдиктери жөнүндө да жаш муундарга байма-бай айтып турат. Андан тышкары, чыгармачылык менен алектенип, бир катар роман, поэмаларды окурмандарга тартуулаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>