Нарын коругунда боз суурлардын абалы изилденүүдө

17.08.2026 | 11:14
Нарын коругунда боз суурлардын абалы изилденүүдө — Новости Кыргызстана

Нарын облусунда Нарын мамлекеттик жаратылыш коругуна чектеш аймактарда байырлаган боз суурларды (Marmota baibacina) талаа шартында изилдөө башталды. Бул тууралуу КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Такталгандай, изилдөөлөр Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Нурбек Алдаяров менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Жаратылыш министрлигинин маалыматына караганда, адистер боз суурлардын жалпы абалын, алардын сырткы морфологиялык өзгөчөлүктөрүн жана ден соолук көрсөткүчтөрүн изилдеп жатышат. Мындан тышкары, окумуштуулар жапайы жаныбарлардын арасында кездешүүчү оорулардын белгилерин эрте аныктоо үчүн маалыматтарды чогултууда.

Алгачкы талаа иштеринин жүрүшүндө адистер суурлардын морфологиялык өзгөчөлүктөрүнө байкоо жүргүзүп, алардын абалына практикалык баа беришти.

Ошондой эле Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери үчүн практикалык окутуу өткөрүлдү. Аларга жапайы жаныбарлардагы ооруларды алдын ала аныктоодо көңүл буруу зарыл болгон негизги белгилер жана мындай учурларда көрүлүүчү биринчи кезектеги чаралар тууралуу айтып беришти.

Жаныбарлардын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө, оорудан кабар бериши мүмкүн болгон сырткы белгилерге жана симптомдорго өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, адистер шектүү учурлар аныкталганда коопсуздук талаптарын жана тиешелүү кызматтарга өз убагында маалымат берүү тартибин карап чыгышты.

Боз суурларды изилдөөнү мындан ары да улантуу пландалууда. Талаа иштеринин жүрүшүндө алынган маалыматтар адистер тарабынан талданат.

Scroll to Top