Бишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталууда
Кыргызстанда бир жума ичинде 534 мас айдоочу аныкталды
17.08.2026 | 11:02

Кыргызстанда 7-августтан 13-августка чейин жол эрежесин бузган 36 миң 536 учур катталды. Алдын ала маалыматтарды КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирет.
Тактап айтканда, бир жума ичинде төмөнкүлөр аныкталды:
— тийиштүү документтери жок унаа башкарган 1003 учур;
— мас абалында рулга отурган 534 учур;
— унаасынын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 288 учур;
— жөө жүрүүчүлөрдүн катышуусундагы жол эрежесин бузган 1942 учур;
— транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузган 5865 учур;
— 32 автобейбаштык фактысы;
— белгиленген ылдамдыктан ашырган 2129 учур;
— жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкарган 19 факты;
— жол эрежесин бузган башка 21 миң 172 учур.
Түрдүү жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 миң 552 унаа атайын айып короосуна киргизилди.
ЖКККББ айдоочуларды жана жол кыймылынын башка катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого жана жолдо жоопкерчиликтүү болууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом