Ат-Башыда 950 миң долларга эт комбинаты курулат, — министр

Ат-Башыда 950 миң долларга эт комбинаты курулат, — министр

Нарын облусунда бир катар социалдык-экономикалык долбоорлор ишке ашат. Бул тууралуу 21-мартта эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы районунда 950 миң АКШ доллар жеке инвестицияга эт комбинаты курулуп, 80 жаңы жумушчу орун түзүлөт.

“Нарын дарыясында Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана Куланак ГЭСин куруу пландаштырылууда. Ошондой эле айыл чарба продукцияларын сертификациялоо үчүн шарттарды түзүү үчүн атайын фитосанитардык лабораториялар жабдылат”, — деди министр.

Ошондой эле, ал Нарын облусунун Кытай менен чектеш аймагында жайгашканын эске алуу менен чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарды өнүктүрүү боюнча атайын программа иштелип чыгып, ишке ашырыларын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун алкагында өткөн жылдан тарта электр энергиясына болгон тарифтер төмөндөтүлүп, социалдык төлөмдөр көбөйтүлгөнүн белгиледи.

«Өткөн жылы Нарын облусуна ар кандай социалдык төлөмдөргө 1 млрд сомдон ашык каражат которулган. Мамлекет тарабынан аз камсыз болгон жарандар менен түзүлгөн социалдык келишимдин алкагында 2022-жылы Нарын облусунун 250 үй-бүлөсүнө чакан ишкана ачуу үчүн 100 миң сомдон акчалай жардам берилген. Быйыл 600 үй-бүлөгө жеке бизнесин ачууга жардам берүүнү пландап жатабыз», — деди министр.

Нарын шаарындагы майрамдык иш-чара таң атканга чейин бышырылган сүмөлөктөн даам татуу менен башталып, иш-чаранын катышуучулары улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү менен таанышышты. Нарын шаарынын коноктору үчүн театралдаштырылган оюн-зоок, концерттик программа, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулду.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>