Баткенде Нооруз кандай белгиленди?

Баткенде Нооруз кандай белгиленди?

Баткен шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Майрамдык иш-чаранын биринчи бөлүгү алгач Нооруздун урматына даярдалган сүмөлөктү ачуу менен башталды. Ага облус башчысы Абдикарим Алимбаев, акыйткатчы Атыр Абдрахматова, коңшу Өзбекстандын Сох жана Рыштан райондорунун акимдери катышып, эл-жерге тынчтык, токчулук, молчулук каалап, сүмөлөктөн ооз тийишти.

Андан соң, боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак аш жарманкелери уюштурулду.

Ал эми майрамдын расмий бөлүгү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, акыйткатчы Атыр Абдрахматова, президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Өзбекстан Республикасынын Сох жана Рыштан райондорунун акимдери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундардын катышуусунда өткөрүлдү.

Маданият өкүлдөрү тарабынан театрлаштырылган көрүнүштөр, ыр, күүлөр коштолуп, концерттик программа тартууланды. Ошондой эле спорттук мелдештер да уюштурулду.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>