Евразиядагы коопсуздук: ЖККУнун альтернативасы эмне үчүн жок?Сузакта жер документтерин жасалмалоого шектелип үч жаран кармалдыБишкекте ачкыч тууралап Honda Fit айдап качкан эркек кармалдыАйдоочуларга эскертүү: Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу барКыргызстанда орточо айлык акы 55 миң 525 сомго, ал эми баалар 8,8%га жогоруладыМинкаб Бишкектеги баш-аламан курулуш боюнча тапшырманын 80%ын аткарган жок — Бекешев
Чүйдө мал багып жүргөн. Нарында эки жыл мурда жоголгон жаран табылды
20.09.2023 | 16:03
Нарында эки жыл мурда жоголгон жаран аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылы милицияга Кочкор районунун Комсомол айылынын М.Э. аттуу тургуну кайрылып, 12-октябрда 1970-жылы туулган бир тууган иниси М.А. үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Издөө иштеринин жүрүшүндө жоголгон жаран быйыл 12-сентябрда Чүйдүн Кемин районунда мал багып жүргөн жеринен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом