Аксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат2023–2026-жылдардагы турак жайды менчиктештирүүгө жаңы коэффициент киргизилетСпутниктен баштап фермердик азыктарга чейин: Бишкектеги «АгроТехЭкспо — 2026» эмнеси менен таң калтырдыЖогорку Кеңештин төрагасы Бишкекте өтө турган тоо саммитине япон делегациясын чакырдыAsman Airlines жана «Кыргызстан аэропорттору» Routes World форумунда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү24-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан жана кар жаашы күтүлөт
Шевченко чемпиондук кур үчүн беттеште колун сындырып алган
20.09.2023 | 15:40
Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC мелдешинин алкагында мексикалык мушкер Алекса Грассого каршы чемпиондук кур үчүн беттеште колун сындырып алган. Бул тууралуу Шевченко “Инстаграмдагы” баракчасына жазды.
17-сентябрда Лас-Вегаста (АКШ) өткөн беттеш тең чыгуу менен аяктаган. Жыйынтыгында Грассо чемпиондук титулун сактап калган.
Бул беттештин биринчи раундунда Шевченко баш бармагын сындырып алган.
«Кечээ колумдун жаракаты боюнча маалыматты алдым. Сөөктө майда сынык бар экен. Ал хирургиялык операцияны талап кылат», — деп жазган Шевченко.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт