Нарында жаш жигит бычактан жараат алып, ооруканага түштү. Чоо-жайы

Нарында жаш жигит бычактан жараат алып, ооруканага түштү. Чоо-жайы

Нарын шаарында жаш жигит бычактан жараат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Нарын шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-февраль күнү милицияга А.А. аттуу жаран кайрылып, уулу Н.К.га «Темпо» аттуу бала бычак сайгандыгын билдирген.

Аталган арыз катталып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, 5-февралга караган түнү жабырлануучу үйүнөн чыгып, Нарын шаарынын аймагындагы белгисиз үйгө барганда, «А.» жана «Т.» аттуу балдар спирт ичимдигин ичип отурушкан. Ошол маалда Н.К. менен А. уруша кеткен. А. аны муунтуп жана уруп, сабап жаткан учурда Т. ага болушуп, урушка аралашып, Н.К.ны артынан сол далысына жана оң санына кесүүчү зат менен сайып жиберген.

Натыйжада Н.К оор жаракат алып, Нарын облустук бириккен ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Бул фактыга байланыштуу 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) 2-бөлүгүнүн 15-пункту боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жана ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуяга катышкан деп Нарын шаарынын 30 жаштагы Н.Э. менен 29 жаштагы А.Т. аттуу тургундары кармалган.

Ошондой эле, белгилүү болгондой, 29 жаштагы А.Т. 2021-жылы Жазык кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде шектүү катары кабарлама берилип, Бишкек шаарындагы Психикалык ден соолуктун республикалык борборунун экспертизасынын корутундусуна ылайык, «Аракетке жөндөмсүз» деп табылган. Ага ылайык, Жазык-процессуалдык кодекстин 463-беренесине (Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш үчүн негиздер) ылайык соттун кароосуна 2021-жылдын 16-мартында жиберилген. Анын мажбурлоо иретинде дарылануудан өтүүсү каралган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>