Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Нарында жайыттарды туура эмес пайдаланган малчыларга айып пул салынды
06.08.2026 | 11:41

Нарын районунун Учкун айыл аймагында жайыттарды туура эмес пайдаланган малчыларга айып пул салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облустук башкармалыгы аталган жайыттарды пайдалануу тартибин текшерген.
Анда айрым малчылар «Жашыл Учкун» ишканасы тарабынан бекитилген графикти сактабаганы аныкталган. Атап айтканда, алар Чой-Жап өрөөнүндөгү жаздоо жана кыштоо жайыттарына мал жаюуну мыйзамсыз улантып келишкен. Бул эреже бузуулар үчүн жарандарга жалпы 45 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынген.
Көзөмөл кызматы жайыттардын деградациясына жол бербөө үчүн белгиленген графикти жана жайыт мыйзамдарын так сактоо зарылдыгын эскертти.
Теги: Айыл чарба министрлиги, Нарын