Билим берүү Кыргызстан менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыты бойдон калууда — Путин

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин VIII Кыргыз-Орусия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Орусия аймактар аралык конференциясынын катышуучуларына жасаган видеокайрылуусунда билим берүү жана илим кыргыз-орусия кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири бойдон калып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, Орусия менен Кыргызстан гуманитардык чөйрөдө, билим берүү, илим, маданият, спорт, ошондой эле коомдук жана жаштар уюмдарынын багыты боюнча тыгыз кызматташууну улантууда.
«Кыргызстанда орус тилинде билим берүүчү тогуз мектептин, ошондой эле Бишкектеги Славян университетинин кампусунун курулушун улантып жатабыз. Кыргызстандын мектептерине жана жогорку окуу жайларына окуу куралдарын жана жогорку квалификациялуу мугалимдерди үзгүлтүксүз жөнөтүп турабыз», — деди Путин.
Ал Орусия менен Кыргызстандын алдында өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн өтө кеңири мүмкүнчүлүктөр ачык экенин белгиледи.
«Орусиялык жана кыргыз ишкер чөйрөлөрү, аймактары мындан ары да өнөктөш катары биргелешип аракеттенүү менен, өлкөлөрүбүздүн экономикалык өсүшүн жана жарандарыбыздын социалдык бакубаттуулугун камсыз кылууга ар тараптан көмөктөшүүнү улантат деп ишенем», — деп жыйынтыктады Орусиянын башчысы.
Эске салсак, жаңы заманбап кампустун курулушу келерки жайда эле башталат. Аянты 30 гектарды түзгөн жаңы жер тилкеси Аламүдүн районунун Байтик айылында (Кашка-Суу айылына жетпей) жайгашкан.
Ал жакка КРСУнун жогорку билим берүүсүнүн бардык негизги баскычтары көчүрүлөт.
Долбоор Орусиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылууда