Көк бөрү боюнча финалдар жана Көчмөндөр оюндарынын жабылышы: Кыргызстан боюнча фан-аймактардын даректери«60 млн доллар эмес»: Аскат Алагозов «Бишкек Аренанын» баасы тууралуу имиштерди төгүндөдүДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында балбандар таймашы: Ирандык спортчу стронгмэн боюнча чемпион болдуБакыт Сыдыков Кыргызстан санкциялык тобокелдиктер менен кантип күрөшүп жатканын айтып бердиКырчындагы этношаарча санитардык күнгө жабылат: иштөө тартиби жана шаттлдардын токтотулушуКыргызстан жасалма интеллекттин базасында крипторынокту лицензиялоо боюнча санариптик платформаны ишке киргизүүдө
Нарындагы “Куланак” ГЭСи 2026-жылы ишке берилет
25.04.2025 | 13:03
Нарын облусунда курулуп жаткан кубаттуулугу 100 МВт болгон «Куланак» ГЭСи 2026-жылы ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, ГЭС Нарын шаарынан 40 чакырым батышты карай, Нарын жана Ат-Башы дарыяларынын кошулган жеринен 0,8 чакырым ылдый жагында жайгашат.
ГЭС жыл сайын 450 миллион киловатт-саатка чейинки экологиялык жактан таза электр энергиясын өндүрөрү айтылды.
Учурда ГЭСтин курулушуна 600дөн ашуун куруучу тартылган. Алардын ыңгайлуу жашоосу үчүн керектүү шарттар менен жабдылган вахталык шаарча салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика