Сокулуктагы эс алуу жайында өрт чыктыУлуу Британия Кыргызстандын бир банкына жана эки мамлекеттик компаниясына каршы санкция киргиздиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктадыӨнүктүрүү банкы жана протоколдор туңгуюгу: ШКУ эмнеге аналитиктерди укпай жатат?27-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайтКытайлык компания Кыргызстанда цемент заводун курууга кызыкдар
Нарынга унаалардын кирип-чыгуусу убактылуу токтотулду
31.03.2020 | 13:11
Нарынга кирип-чыккан транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
“Коронавирус илдетин алдын алуу жана элдердин социалдык байланышына убактылуу чектөө киргизүүнү талап кылууда.
Ошол себептен бүгүндөн баштап Нарынга кирип-чыккан автоунаалардын каттамына бөгөт коюлуп, постторго көзөмөл күчөтүлдү. Ушул жагдайды эске алып, убактылуу сапарга чыкпай турууңуздарды эскертебиз”, – деп маалымдашты.
Мындай чектөөнү киргизүү облус жетекчилиги тарабынан Нарын облустук ички иштер башкармалыгына тапшырма берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом