NASA алгачкы тик учагы Марста качан учарын айтты

NASA алгачкы тик учагы Марста качан учарын айтты

АКШнын Улуттук Аэронавтика жана Космос Башкармасы (NASA) алардын Ingenuity тик учагы Марста биринчи учушу 11-апрелден эрте учурбай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

8-апрелде Ingenuityнин Кызыл планетада биринчи жолу учушу күтүлүп жаткан. Бирок башка убакытка жылдырылып, анын себебин түшүндүрүшкөн эмес.

NASA билдиргендей, тик учак Кызыл планетадагы биринчи суук түндү аман-эсен өткөрдү жана ал жерде температура Цельсия боюнча -90 градуска чейин төмөндөйт.

Башында алгачкы марсиандык салмагы 1,8 килограмм болгон тик учак Persiananceнин ичинде болгон. Ingenuity роверден бөлүнүп, Езеро кратеринде жердин бетине чыккан.

Ракета алып жүрүүчү Atlas V марсиандык Perseverance жана Ingenuity тик учагы менен 2020-жылдын июлунун соңунда Канаверал космодромунан учурулган. Ал эми февралда америкалык ровер Кызыл планетага ийгиликтүү конуп, жерге алгачкы сүрөттөрдү жиберген.

Езеро кратерине түшкөн марсиандык техника, ал жакта жашоо шарттарын издейт.

Тэги: NASA Марс

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>