NETFLIX Кыргызстанда даректүү кино тартты

NETFLIX Кыргызстанда даректүү кино тартты

NETFLIX Кыргызстанда даректүү кино тартты. Бул туурасында БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, долбоордун алкагында биздин өлкөгө Нидерландиядан тасма тартуучу топ келип кеткен. Netflix компаниясынын буйрутмасы менен дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү маданий көп түрдүүлүк тууралуу даректүү тасма тартылды. Кыргыз элинин салбуурун аңчылыгы да көрсөтүлөт.

2022-жылы даректүү тасма дүйнөнүн 150 өлкөсүнө көрсөтүлөт. Кыргыз элинин маданияты менен таанышып калат деп жазылат уюмдун баракчасында.

Салбуурун – көчмөн аңчылыктын байыркы түрү. Бүркүт менен ар түрдүү жапайы жаныбарларга аңчылык кылышат. NETFLIX – Америкалык кино өндүрүүчү ири компания.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>