1-декабрдан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдары көбөйөт

1-декабрдан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдары көбөйөт

1-декабрдан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдарынын саны көбөйөт. Бул тууралуу Москвага жумушчу сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукканда белгилүү болду.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өкмөт башчылары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык тармактардагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин да талкуулады.

Ошол эле маалда тараптар Кыргызстанга билим берүү мекемелерин куруу долбоорун эртерээк баштоо маселесин сүйлөштү. Быйыл февралда президент Садыр Жапаров Орусияга барганда Москва Кыргызстанга орусча окута турган 44 мектеп курууга убада берген.

Мындан тышкары эки өлкөнүн өкмөт башчылары салык жана бажы системаларын санариптештирүү, анын ичинде салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда маалыматтарды иштеп чыгуунун заманбап борборун түзүү зарылдыгын белгилешти. «Биз үчүн Орусиянын бул багыттагы тажрыйбасы өтө маанилүү», — деди Жапаров.

Өз кезегинде Михаил Мишустин орус тарап «эки тараптуу кызматташтыкты биргелешкен долбоорлор менен толуктап, жаңы деңгээлге чыгарууга» кызыкдар экенин белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>