Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдарынын дизайны кандай болот?
26.08.2026 | 16:29

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери үчүн даярдалган алтын, күмүш жана коло медалдардын дизайны сунушталды.
Медалдардын концепциясы кыргыз элинин көчмөн философиясына негизделген. Ар бир медалдын борбордук бөлүгүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби жайгаштырылган.
"VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү дал ушул өзгөчө медалдар менен сыйланып, дүйнөлүк көчмөн спортунун тарыхында өз ысымдарын калтырышат",- деп билдирди уюштуруучулар.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин өтөт. Оюндардын ачылыш аземи 31-августта Бишкекте «Бишкек Арена» стадионунда өтөт, ал эми калган иш-чаралар Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, медаль