УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышат
Next TV каналынын директору соттолду, бирок камактан чыкты
21.09.2022 | 14:58
Бүгүн, 21-сентябрда Биринчи май сотунда Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевго сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Соттун өкүмү менен Дүйшөмбиев 5 жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда ага 3 жылдык пробациялык көзөмөл белгиленип, ал камактан бошотулду. Ага карата эч жакка кетпөө баш коргоо чарасы каралды.
Эскерте кетсек, Next TV телеканалынын директоруна «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча иш ачылган.
Аталган иштин козголушуна Next TV каналынын социалдык тармактарында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысынын «Украина менен болгон согушта Кыргызстан Россияга жардам берет» деген билдирүүсүн жарыяланганы себеп болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом