Үч баласы менен уктап жатканда үйү өрттөнгөн. Эне министрге кайрылды

Үч баласы менен уктап жатканда үйү өрттөнгөн. Эне министрге кайрылды

Эки бир тууган милиция кызматкери үч жаш баланы өрттөнүп жаткан үйдөн аман-эсен алып чыгышкан, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ички иштер министри Улан Ниязбековдун дарегине Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Махабат Абдыкалыковадан бир үй-бүлөнүн өмүрүн сактап калышкан милиция кызматкерлери үчүн ыраазычылыгын билдирген кат келген.

Катта мындай деп жазылган:

“Мен адам өмүрүн сактап калган эр жүрөк милиция кызматкерлери жөнүндө кайрылууну чечтим. Жакында түнкү саат 23:00 чамаларында 3 кичинекей балам менен уктап жаткан учурда үйдөн өрт чыккан. Аны коңшу жашаган Улан Исаков менен Каныбек Исаков экөө үйлөрүндө жүргөндө, байкап  калышып, биздин үйгө чуркап келишкен.

Жакын жашаган кошуналар дагы көрүшүп, топтолушуп, бирок үйдө адам бар экенин билишкен эмес. Улан менен Каныбек үйдө киши бар экенин билишип, дарбазаны ачышкан. Ошол убакта мен дагы ойгонуп кетип, тегерегимди байкасам өрт алоолоп күйүп жатыптыр. Эмне кылаарымды билбей, эшикке көздөй жөнөдүм.

Ошол учурда эшиктен чуркап келе жаткан кошуналарым  Улан менен Каныбекти көрдүм. Алар үйгө киришип, 4, 7, 8 жаштардагы балдарымды  аман-эсен алып чыгышты. Анан 2-3 мүнөттөн кийин үйдүн чатыры кулап, үй толугу менен күйүп кетти. Өз жандарын аябай жардам беришкен бир тууган милиция кызматкерлери Улан Исаков менен Каныбек Исаковго терең ыраазычылыгымды билдирем.

Сизден өтүнөөрүм, бир тууган милиция кызматкерлери  Улан Исаков менен Каныбек Исаковго кесиптик ишин баалап, сыйлап коюшуңуздарды үй-бүлөмдүн жана айыл элинин атынан суранам”.

Улан Исаков ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун 2-ротасынын 3-взводунун милиционери, милициянын старшинасы.  Ал ички иштер органдарында 2018-жылдан бери кызмат өтөйт.

Каныбек Исаков ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун 1-батальонунун 2-взводунун кызматкери, милициянын лейтенанты. Каныбек ички иштер органдарында 2018-жылдан бери кызмат өтөйт. Бир тууган милиция кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районунан болушат.

Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлеринин иши жөнүндө коомчулуктун бардык ой-пикирин жогору баалайт жана кол алдындагы кызматкерлеринин дарегине айтылган жылуу сөздөргө терең ыраазычылыгын билдирет.

Ошону менен бирге ИИМдин жетекчилиги ар бир милиция кызматкеринен өзүнө тапшырылган иштерди так жана кынтыксыз аткарууну, жарандарга үлгүлүү мамиле кылууну жана коомдук тартипти сактоодо  жана кылмыштуулуктун бетин ачууда мыйзам чегинде гана иш алып барууну дайыма талап кылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>