Бишкекте Жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбордун курулушу башталды

Кыргызстанда Жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбордун курулушуна старт берилди. Курулуштун башталышына арналган иш-чарага КРдин саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана видеобайланыш аркылуу Орусиянын Роспотребнадзор кызматынын жетекчиси Анна Попова катышты.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, бул борбор Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык макулдашуусунун алкагында курулууда. Долбоор жугуштуу оорулардын алдын алуу, аларды эрте аныктоо жана лабораториялык диагностикалоо мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнү камтыйт.
Борбордо лабораториялык изилдөөлөр, илимий-практикалык иштер аткарылып, адистерди даярдоо иштери жүргүзүлөт.
Дамир Осмонов борборду түзүү жарандардын коопсуздугуна, ден соолугуна жана өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө салынган инвестиция экенин белгиледи. Анын айтымында, мекеме саламаттык сактоо системасынын жугуштуу оорулардын коркунучтарына жооп кайтаруу даярдыгын жогорулатат. Ошондой эле долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Орусия тарапка жана Роспотребнадзор кызматына ыраазычылык билдирди.