Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Никени каттоо үчүн арызды эми «Түндүк» аркылуу берүүгө болот
21.07.2026 | 15:11

Кыргызстандын жарандары эми никени каттоо үчүн арызды түз эле «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу бере алышат. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматы билдирет.
Мекеменин маалыматына караганда, жаңы санариптик кызмат убакытты үнөмдөөгө жана мамлекеттик кызматты алууну кыйла ыңгайлуу кылууга мүмкүндүк берет.
Кызматтан кантип пайдалануу керек?
- Демилгечи «Никени каттоо» кызматын тандап, болочок жубайынын жеке идентификациялык номерин (ЖИН/ПИН) көрсөтөт жана Face ID жардамы менен идентификациядан өтөт.
- Экинчи тарап билдирүү алат, маалыматтарды текшерет, өз макулдугун ырастайт жана ошондой эле Face ID аркылуу идентификациядан өтөт.
- Эки тарап тең арызга электрондук кол тамга коюшат.
- Арыз кароо үчүн автоматтык түрдө ЖААК (ЗАГС) органдарынын маалыматтык системасына жөнөтүлөт.
- Кароо аяктагандан кийин жарандар жыйынтыгы тууралуу билдирүү алышат.
Арыз берүү баскычында ЖААК органдарына баруунун кажети жок — бүт процесс мобилдик тиркеме аркылуу башталып, таризделет.
Мекемеден белгилешкендей, жаңы сервисти киргизүү — мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдөгү жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Кыргызстан